Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Элимди курмандыкка чалбай, жеке кызыкчылыктарды тыйууга чакырам!

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 2636 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу учурдагы жана экс-президентке кайрылуу жасады. Анда ал эки тарапты тең ынтымакка чакырып, карапайым калктын өмүрү бардык нерседен жогору экенин эске салат. Төмөндө Бабановдун кайрылуусу толугу менен өзгөртүүсүз берилди:

«Кан төгүүгө жол жок!

Урматтуу Кыргызстандыктарым,
Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович,

Алакандай Кыргызстаныбызда кайрадан жүрөк үшүн алчу окуя болуп кетпесин! Элибиз менен укук коргоо кызматкерлерибизди козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!

Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек!

2002 жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат!

Кой-ташта жүргөн адамдар да, ал жакка жөнөтүлгөн атайын бөлүктүн кызматкерлери да биздин жарандарыбыз, өзүбүздүн эле уулдарыбыз, кыздарыбыз, эжелерибиз, байкелерибиз! Аларды алдыга түртүп, өмүрлөрү менен тагдырларына балта чабуу чоң кылмыш!

Бул тирешүү мындан да чоң кесепеттерге алып келиши ыктымал!

Элимди курмандыкка чалбай, жеке кызыкчылыктарды тыйууга чакырам!
Эч бир иш канга тете эмес!

Апрель айында да провокациялар болооруна, алардын азабын тарапташтарым тартаарына көзүм жеткендиктин айынан гана эстегенде эки көзүм төрт болгон өз элиме, өз жериме келбедим.

Азыр болсо учурдагы жаңылыктарды тиктеп, жан-дүйнөм эңшерилип турат. Буга кантип жол берилди?

Экөөңүздөрдү тең бул тирешүүнү токтотууну жана токтошуңуздарды суранам!!! Алааматка жол ачпай, элибиздин тынчтыгы үчүн, уул-кыздарыбыздын амандыгы үчүн!

Бул абалды кызытып жибербей, кармап калыш керек.
Атайын операцияны токтотуу абзел!

Бийлик акылга таянып иш кылат деп күтөм.

Каза болгон жапжаш инибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жаратканым элиме тынчтык берсин, эл уулдарына сабырдуулук тартууласын.

Урматым менен,
Өмүрбек Бабанов».

Мадумаров: Атамбаев бул системаны өзү курган

Copyright © 2017 Maral FM