Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Атамбаев бул системаны өзү курган

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 1086 | 0

Атамбаев азыркыдай кырдаал түзүлүшүн алдын ала билген үчүн учурдагыдай коргонуу тактикасын колдонуп жатат. Бирок ага жеткирбөө бийлик бутактарынын милдети. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутат Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосунун түз эфиринде айтты.

Саясатчы Адахан Мадумаров бул пикирди колдоп, мындай системаны Атамбаев өзү курганын белгилейт.

-Атамбаев күбө катары суракка келгенде күбөдөн кылмышкерге айланарын билет. Бул системанын баарын акыркы он жылда экөө чогуу түзүшкөн. Ар кандай басымга алынып келген саясатчылардын баары ушул күндү башынан кечирип келишти. Бизде тажрыйба мол. 

Ал ортодо Башкы прокуратура Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, Кылмыш жаза кодексинин “массалык башаламандык”, адам өлтүрүү”, “барымтага алуу” беренелери боюнча иш козголот.

Мекеменин маалыматында, сотко чейинки териштирүү ишинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды. Ал буга чейин үч жолу күбө катары сурак берүүгө чакырылган. Бирок келбегенине байланыштуу мажбурлоо менен алып кетүү чечими чыккан.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Вице-спикер: Парламент бүгүн чечкиндүү чечим кабыл алат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM