Биз менен байланышыңыз

«Бабанов аброюна залака кетирди»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 709 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей коюп, саясаттагы аброюна чоң залака кетирди. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саясатчылар бизнесмен болбошу керек.

«Бабанов — же саясатчы, же бизнесмен болушу керек. Мен аны премьер-министр болсо, өлкөдө  стабилдүүлүк болот деп ойлоп колдогом. Бабанов өкмөттү жетектесе, реформатор болмок. Тышкы оюнчулар кепилдик берсе, бийлик аларды көндүрсө, Бабанов Кыргызстанга азыр да келе алат«, — дейт Сариев.

Ал тышкы күчтөрдүн таасири болбосо, кыргыз саясатчыларынын колунан эч нерсе келбей турганын кошумчалады.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал 2019-жылдын апрель айынын башында Кыргызстанга келерин айтып, бирок 13-апрелде Москва аэропортунан баш тартканын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM