Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 525 | 0

Бүгүн, 8-августта, президент Сооронбай Жээнбеков  Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты жазды.

Жыйынга массалык маалымат каражаттары катыштырылган жок. Күн тартибинде 7-августта түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселеси каралып жатат.

Ал ортодо Башкы прокуратура Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, Кылмыш жаза кодексинин “массалык башаламандык”, адам өлтүрүү”, “барымтага алуу” беренелери боюнча иш козголот.

Чүй милициясынын жетекчиси Курманкулов комада

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM