Бүгүн, 8-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты жазды.
Жыйынга массалык маалымат каражаттары катыштырылган жок. Күн тартибинде 7-августта түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселеси каралып жатат.
Ал ортодо Башкы прокуратура Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, Кылмыш жаза кодексинин “массалык башаламандык”, адам өлтүрүү”, “барымтага алуу” беренелери боюнча иш козголот.