Биз менен байланышыңыз

Чүй милициясынын жетекчиси Курманкулов комада

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 631 | 0

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Эске салсак, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM