Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш: Резина октон 10го чукул адам жабыркады

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 813 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октон он чакты адам жабыркады. Бул тууралуу КСДП партиясынын мүчөсү Мирбек Айтикеев Фейсбук баракчасында билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, октон жабыркагандар арасында журналисттер да бар. Ал эми КСДПнын активдүү мүчөсүнүн бири Мээрбек Мискенбаев да октон жабыркаганын журналист Мирбек Айтикеев билдирген.

Учурда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө дагы деле ок атылууда. Ал эми экс-президенттин азыркы абалы тууралуу азырынча эч кандай расмий маалымат жок.

Copyright © 2017 Maral FM