Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн атайын аскерлер басты

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 629 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө, элдик штабда атайын операция жүргүзүлдү.

Социалдык тармактарда көрсөтүлгөн видеолордо штабдын короосунда атайын аскердик даярдыктагы куралчан аскерлер жүргөнү көрүнөт. Ок атылганы айтылууда. Штабдын короосунда ары-бери чуркаган адамдар, кыйкырыктар угулуп жатат.

Жогорку Кенештин депутаты Ирина Карамушкина окуя боюнча айтып, Кой-Таштагы элдик штабды атайын даярдыктагы жоокерлер басканын, анда ок атылып, биринчи ок атайын аскерлер тарабынан атылганын белгилейт.

Айрым маалыматтарга караганда атылган октон жаракат алгандар болгону айтылууда.

Атайын аскерлер желим окторду колдонгон.

Copyright © 2017 Maral FM