Биз менен байланышыңыз

“XIII Эл аралык Айтыш-2019” айтышы өтөт

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 1016 | 0

Кыргызстанда Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «XIII Эл аралык Айтыш 2019” акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу Республикалык “Айтыш” коомдук фондунан кабарлашты.

Айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында болот. Ал эми жарым финал, финал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Сынакка Республиканын бардык аймактарынан акындар чакырылат. Алардын жаш курагы, башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт.

Тандоо турунан өткөн 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышка катышат. XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлат. Байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM