Биз менен байланышыңыз

Өкмөт салыкты төлөөдөн качкандар менен иштөөнү күчөтөт

Кыска кабар | 3 Авг 2019 | 506 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер начар башкаруу жана салык органдарынын ишин көзөмөлдөө көйгөйлөрү, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартууга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келрин белгиледи.

«Салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн азаюусу – бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы, буга байланыштуу силер, экономикалык блокко жооптуу болгондуктан, мыйзамдарды жакшыртып, кыйла активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын күчөтүүгө тийишсиңер. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Премьер-министр товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепсиз ташуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна бир кыйла таасир берет жана берип келгенин белгилеп, жакын арада кабыл алынган чаралардын жыйынтыктары Өкмөттө кайрадан караларын баса көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM