Connect with us

Үркүндө дайынсыз кеткен атага 25 жылдан бери «эгемендүүлүктө» жашаган чебересинен кат

Блог | 7 Ноя 2020 | 2807 | 0

Бул кат биздин редакцияга 2019-жылы келип түшкөн. Ошентсе да азыр деле актуалдуулугун жогото элек. Төмөндө каттын өзгөртүүсүз варианты:

100 жыл мурун үркүндө дайынсыз жоголгон атага 25 жылдан бери «эгемендүүлүктө» жашаган чебересинен кат

Арыбаңыз, Кайып ата!
Ата, мен бул катты айласыздан жаздым. Кээде аргасыз, «1916-жыл болбосо, балким, бардыгы башкача болмок», — деген ойго жетеленем. Сиз, орус падышачылыгынын зулумуна кабылып, калың журт менен Кытайга качтыңыз. Каары-жаш, бала-чака дебей канчалаганы кырылды. Канчасы жанын сактайм деп кандуу жолдо мерт кетип, сөөгү көмүлбөй калды.

100 жыл өттү.
Бирок жан дүйнөнү азапка салган жообу жок суроолор арбын. Айтчы ата, кырылган кыргыздын убалы кимде? Боордошторум бир чыны талкан, бир кап унга сатылып, ар намысыбыз тебеленгенин эмнеге жашырабыз? Силердин элесиңер улуттук дегээлде эскерүүгө арзыбайбы? Эмнеге биз 1916 дегенде эле актанып, шылтоо издеп, күнөөлүүлөргө тике карабайбыз? Кечирим сура дегенге жүрөк жетпейби, тил кыскабы? Урдум кечиримин… аталардын арбагын сыйлап, бала-бакырабыз менен бир саамга тунжурап эскерип коюу тарых алдында, “кожоюн” көзүндө кыянаттыкпы? Же биз эмне, эс-тутуму жок маңкуртпузбу же улуттук аң-сезимди коллонизаторлордун жугундусу менен кошо жутуп алдыкпы?

Андан бери 100 жыл өттү.
Биз өзгөргөн деле жокпуз. Мурун билбейм, бирок ошондон бери жалтактап бирөөнүн көзүн карап калдык. Башчыларыңар силерди бириктирип, сактап кала албай кыргынга учуратса, азыр деле журттун башы бирикпей келет. Дагы деле уруу-уруу, түндүк-түштүк, кокту-колот, мусулман-теңирчи, бай-кедей болуп бөлүнүп келебиз. Кыргыз кыргыз менен болсо – айдама, кыргыз башка бирөө менен болсо – оомабыз. Айылыбызга бирөө көчүп келсе батырбайбыз. Айкөлдүк мүнөздү кошо ала кеткен окшойсуңар. Журт аталарыбыз кекиртегин тыя албай бары-жокту абийири менен кошо сатып, аны менен тим калбай өзүнө окшогон арам курсак аткаминерлерди мурас калтырып кетишкен. Эми тукуму менен бөтөн жерде жанын корголоп жүрүшөт. Калың журт ошол ашказан менен ойлонгон аткаминерлердин, түркөй, көөдөнү тайкы “эл жакшыларынын” азабын 25 жылдан бери тартып келет.

Силер кеткенден кийин жерибизге келген баскынчыларга каршы боштондук күрөшүн жүргүзгөндөрдү “басмачы” атап, кыргызды кыргандардын атын көчө, шаарга ыйгарганбыз. Силер Кытайга үрксөңөр, биз эгемендүүлүктөн кийин жабыла Оруссияга үрктүк. Кара жанды багабыз деп тентип, бала-бакыра менен көрбөгөн көргүлүктү көрүп, көрүнгөн жерге талааладык. Ошол эле учурда, бизди башкаргандар болгон оокатты менчиктештирип, элдин кешигин жеп каалагандай талтаңдады.

100 жыл өттү.
Биз Силерди унуттук. Жерибизди басып алгандарга айкел тургузуп, 100 миңдеген кыргыздын өлүмүнө өзүбүз күнөөлүбүз деп кээ бир кемчонтой окумуштууларыбыз бүтүм чыгарып да жиберишти. Тукум курут болгон эмес, анткени кыргыз бүтүн бойдон кырылбай калган деп дөөрүгөн эл өкүлдөрү чыкты. Орус падышасына толугу менен кырып салбаганына чексиз ыраазычылыгыбызды билдирет окшойбуз. Арбагын сыйлап, тарыхка таазим кылып эскерели дегенде эле, “Кой эле кой, тиги кожоюн эмне дейт” дегенсип шыбырашабыз. Сыягы жүрөгүбүздүн суусу алынып калган окшойт. Негизи жалтактап жашаганга көндүк. Курсак ток эле болсо болду. Кара торпок деле жанын багат экен. Өмүр жан багуу менен өтүп жатат.

Эгемендүү болгондон кийин көп өтпөй мекенибизге террористтер басып кирди. Жаңы тарыхыбызда биринчи жолу кандуу кагылыш болуп, эр азаматтарыбыз окко учту. Бирок биз аларды унуттук. Эрдиктерин даңазалабайбыз. Бала бакырасынын амандыгын сурап койгон жан жок. Андай окуя болбогондой эле түр көрсөтөбүз. Андан көрө Афганистандан чыккан совет жоокерлердин датасын, 23-февраль дегенди унутуп калчудай болуп катуу эскеребиз. 7-ноябрды океңдер деле унуткан, бирок биз калтырбай майрамдайбыз.

Эне тилибизде сүйлөгөндөн тартынабыз. Дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык болгон ата-энебизди эне сүтү менен эмген эне тилибизде эмес “мама, папа” деп орус тилинде атайбыз. Өлкөбүздө эне тилинде билим берген жогорку окуу жайы жокко эсе. Аты-жөнүбүздү да кыргызчалабай, Орусияга мигрант болуп барса кыйналат деп “-ов, -ова” кылып, кайра жапырт өткөрүп алганбыз. Эң жакшы көргөн нерсебиз, көкүрөп каккылап Манас атанын тукумдарыбыз деп калпак кийип азчылыктарга, байкуш кыздарыбызга, тили буурулдарга кыйын болмой. Ал эми “старший брат” кыйын болуп көзгө илбей, элчилигиндеги дипломат сөрөй аксакалдарыбызды тизип койсо, былтыйып унчукпай туруп беребиз. Анысы аз келгенсип “Зима не будет” деген тантырактын баары калпакты башынан түшүрбөй, улуттук баш кийимдин баркын кетиришти. Илимге көз жоорутуп, өнөргө кызыгууга, дүйнө таанууга кудурет жетпейт. Дүйнөгө сунуштай турган кыйратарлык деле жетишкендигибиз жок.

Андан бери 100 жыл өттү.
XXI кылым. Бирок биз бейтапканага баргандан корккон, аскерге баласын бергенден качкан өлкөдө жашайбыз. Анан эле көкүрөк койгулайбыз баатырбыз деп. Адилеттүлүктү каракчыдан издеген коомго айландык. Анткени укук коргоочу кордоочуга айланды. Шайлоодо добуш аркылуу балдарыбыздын келечегин 1000 сомго эле саткан, берешен элбиз. Өзүбүзчө тың оокат кыла албай, мигранттарыбызды кууп ийет экен деп ЕАЭБ (ЕАЭС) деген шермендеге кирип алып, же чыга албай же пайдасын көрбөй, эт менен челдин ортосунда жүргөнүбүз жүргөн.

Акыркы учурда деги балдарыбыз кандай өлкөдө жашайт деген суроого жооп табалбай убарамын. Эл көргөндү көрөбүз да эми. Ойлосом силер бизге калтырган маданий мурас жана жаныңарды берип сактап калган керемет жерибиз менен эле мактанат экенбиз. А чынында биз, бизден кийинкилерге эмне калтырабыз? Мына ушул суроону балам качан сурап жиберет деп чочулайм.

Айылда кеби бар, караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан, бата берген аксакалдарыбыз барган сайын азайып баратат. Бир гана калпактын эмес, сөздүн да баркы кетти, ата. Айта берсе боло берет. Бирок күнөө-кемчиликти толугу менен бирөөөгө оодарып салайын деген ниетим жок, атаке. Сүт кандай болсо, каймак да ошондой болот экен. Айла жок.

Бардык нерсе жаман эмес, ата, жакшы кабарлар да бар. Улут болуп сакталып калдык. Өлкөбүз бар. Жарандык коом түптөлүп, коомдук пикир, сөз эркиндиги баалуулукка айланган. Ачык-айкындык бар. Көйгөйүбүздү, кемчилигибизди талкуулагандан коркпойбуз. Жемкорлор элдин кешигин жегенди токтотсо эле оңолобуз деген аруу тилек бар. Келечегибиз жаркын экенине ишенгибиз келет. Үмүтүбүз зор. Элдин түйшүгүн тартып, демилге көтөргөндөр көп. Бийиктикти самаган, көкүрөгү тунук, ичинде арамдыгы жок мекенчил муун бар буйурса. Кесипкөй, аракетчил, тың мекендештерибиздин көбү сыртта. Кайтып келээр бир күн. Кыргыздын атын сактап, келечек муундарга татыктуу мурас калтыргыбыз келет. Ажобузга көп деле кошула бербейм, бирок ал айткандай, бизди азырынча Кудай эле сактап келе жатат.

(Баатырдын күндөлүгүнөн. 1-август, 2016-жыл)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM