Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 471 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон өзүнүн сапарын улантууда. Бүгүн, 31-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргызстан менен иш алып барууга даяр,»  — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортту өнүктүрүү боюнча долбоорлорго токтолуп, мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Сот-укуктук реформа, коррупция менен күрөшүү, тышкы саясат, өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылууда.

Жолугушууга Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM