Биз менен байланышыңыз

Майлуу-Суу лампа заводу 1700 кишини иш менен камсыздоодо

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 577 | 0

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводу 1700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздап, ушул тапта лампанын ондогон түрлөрүн чыгарууда. Ошондой эле заманбап, электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды чыгарып экспорттоого жетишкен.

Кытай жана Түркия өндүрүшүндөгү лампалардан айырмаланып, Майлуу-Суу лампасынын сапаты жогору экени аныкталган.

Заводдун жетекчилиги маалымдагандай, алар мамлекеттик колдоого муктаж. Учурда эски өндүрүштөгү лампалар бара-бара рыноктон суурулуп чыгууда. Андыктан, заводдогу жабдууларды да реконструкциялоо зарылдыгы чыгууда. Ал учун жалпы жонунан 7.5 млн доллардай акча каражаты керектелет.

Кошумчалай кетсек, завод ай сайын 15 млн сом салык төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM