Биз менен байланышыңыз

Токио-2020: Мушкерлерден үмүт чоң

Спорт | 26 Июл 2019 | 839 | 0

2020-жылы Токио шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына өлкөдөн алгачкылардан болуп суучул Денис Петрашов жолдомо алды. Тактап айтканда, 21-июлда Түштүк Кореянын Кванду шаарында брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 28-орунду ээлеп биринчи жолдомосун алса,  200 метр аралыкка болгон жарышта 2 мүнөт 11,65 секундда келип, экинчи жолдомосун утуп алды.

 Денис Петрашов буга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде окуу-машыгуу иштерин өткөргөн. Андан соң Европа өлкөлөрүндө стандартка жооп берген бассейндерде машыгып, биринчи жолдомону алганга жетишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча башкармалыгынын директору Жоомарт Шамканов билдирди. Анын берген маалыматына таянып айтсак, сентябрь айында Казакстандын Нур-Султан шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги өтүп, Токио олимпиадасына жолдомолор ойнотулат. Учурда улуттук курама команда даярдыктарды көрүүдө. Андан соң, бокс боюнча курама команданын жолдомо ойнотулган мелдештерге катышуусу күтүлөт. Шамканов буларды айтуу менен бирге, биздин спортчулардын Токио олимпиадасына 20дан ашык жолдомо алары болжолдонуп жатканын кошумчалады.

— Мамлекет тарабынан ар бир курама командага тийиштүү каражаттар бөлүнүп берилген. Андан сырткары, спортчулардын жетишкендиктерине жараша стипендиялары коюлган. Окуу-машыгуу иштерине, ар кандай эл аралык мелдештерге чыгууда тийиштүү камкордуктар жасалып жатат. Азия биринчилигинде байге алган үч спортчубузга 75 миң сомго чейин стипендия каралган.

Ал эми Бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Данияр Жусубалиевдин пикиринде, биздин өлкөдө күчтүү спортчулар жетиштүү. Алардын айрымдары эл аралык деңгээлдеги мелдештерге өздөрүн көрсөтүп келе жатышат. Ал эми Токио олимпиадасына карата календардык план боюнча даярдыктар жүрүп жатат жана агенттик тарабынан кам көрүлүп жатат. Алдыдагы мелдешке даярдык көрүү максатында 29-июлдан 15-августка чейин Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүү мерчемделүүдө.

— Биздин курама команда Токио олимпиадасына эки жолдомо алабыз деп ойлоп жатабыз. 81 кг салмакта Эркин Адылбек уулу  жана 52 кг салмакта Азат Үсөналиевдерден үмүт артып турабыз. Анткени, мурда он салмак боюнча мелдештер өткөрүлсө, дүйнөлүк биринчиликтин жанан олимпиада оюндардын жаңы эрежесине ылайык, мелдештер сегиз салмакта өтөт. Мунун менен биздин спортчуларга ыңгайлуулуктар жаралып жатат.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Токио олимпиадасына даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын айтты. Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн физикалык жана техникалык машыгууларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл. Бул жагынан спорт агенттиги жеткиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле, «Бул олимпиадага жолдомону негизинен дзюдо, бокс, оор атлетика жана күрөштүн түрлөрү боюнча алышыбыз мүмкүн», — дейт:

— Эгер Азия биринчилигиндеги жана башка мелдештердеги жыйынтыкты эске алсак, Токио олимпиадасына 10дон 15ке чейин жолдомо утушубуз мүмкүн. Балким, спорт  агенттигинин мерчемдеп жатканы да туура чыгышы ыктымал. Анткени, алар да кайсы бир негизге таянып, тыянак чыгарып жатышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүк алган 28 жылдын ичинде олимпида оюндарында үч медаль алган. Атай кетсек, 2000-жылы Сидней Олимпиадасында дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль алса, 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш медаль, ал эми Руслан Түмөнбаев коло медаль алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM