Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Биргеликте чек араны тынчтыктын дарбазасына айландырабыз [фото]

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 817 | 0

«Кыргызстан жана Тажикстандын боордош эли илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында Эмомали Рахмон менен болгон кыска мөөнөттүү жолугушууда.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын айтып, Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдары ичинде алгачкы жолу чек арада жолугуп жатканын баса белгилеп, өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара аракеттешүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, ал кыргыз-тажик элин салтка айланган достук, ынак кошуналык, тарыхый жана маданий жалпылыктар бириктирип турганын кошумчалады.

«Тилекке каршы, биздин чек арабызда жаңжал болду. Биз анын себептерин калыс изилдеп чыгып, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн ачык-айкын чараларды көрүшүбүз керек. Биз биргелешкен аракеттер менен чек араларды жаратмандыктын, тынчтыктын жана бакубатчылыктын дарбазасына айландыра аларыбызга ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүнүн соңунда сүйлөшүүлөр процессине динамикалуулук жана натыйжалуулук берүүнү сунуштай турганын айтып, кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча жөнөкөйдөн татаалга карай принцибин жетекчиликке алуу менен  ишти улантуу маанилүү экендигине токтолду.

Белгилей кетсек, жолугушуу эртең Чолпон-Ата шаарында уланат. Анда Исфарадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары каралары айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM