Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Баткенде Ак-Сай айылынын эли менен жолукту

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 1702 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы чек ара толугу менен көзөмөлдө экенин, эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзөрүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, аймактагы көйгөйлөр чечилерине убада кылып, элди чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.

«Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос эл. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун, зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу. Бардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн — тынчтыкты сактообуз зарыл», — деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле, президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчысы Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөп кетти.

Чек арада жолугушкан президенттер [фото]

Copyright © 2017 Maral FM