Биз менен байланышыңыз

Сагынбаев: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин көзөмөлүндө

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 465 | 0

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кеңешменин жыйынтыгында.

Дамир Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арадагы чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.

«Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — дейт Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстан менен ынак кошуналык мамилелерди орнотуу, эки өлкөнүн жана жалпы аймактагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кыргыз тараптын багыты экенин маалымдап, Бишкек жана Дүйшөмбү ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын өзгөчө баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM