Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Парламент унчукпай койбойбуз

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июл 2019 | 792 | 0

Экс-президент макамын алуу да эч нерсеге жарабай, сырткы тарап чечип койсо, анда ансыз да кадыр-баркы кетип турган парламентке дагы бир катуу сокку болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жогорку Кеңеш талкуулады, ага башкы прокурор, улуттук коопсуздук кызматы, ИИМ да катышып, бир топ олуттуу айыптар коюлду. Эгерде ошондой оор айыптар тагылып жаткан учурда да, башка өлкөдөн кийлигишүүлөр болуп, жоопко тарта албай калсак, анда бул чоң чатактын башы болот», — дейт Акаев.

Ошондой эле, Орусия Борбор Азияга таасир этүүдө ушундай кырдаалдарды пайдаланып калууга аракет кыларын, биздикилер да ошого жол ачып берип коёрун айтты.

Анын айтымында, бул боюнча парламент унчукпай койбойт. Маселени кайра көтөрүп, мыйзамдуулукка алып келе тургандай талаптарын коёт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM