Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин көксөөсүн ишке ашырган пансионат

Коом | 24 Июл 2019 | 838 | 0

Ысык-Көлдө Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлгөн пансионат 2 жылдан бери агартуучуларга кызмат көрсөтүп келет. Учурда «Санат» эс алуу жайы Кыргызстандын булуӊ-бурчундагы мугалимдерди кабыл алууда.

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунан келген Назира Шонкоева 35 жылдан бери Юрьевский орто мектебиндеги орус класстарга кыргыз тилинен сабак берет. Ал бизге жайкы эс алуусу ойдогудай өткөнүн, бул окуя жеке турмушунда биринчи жолу болуп жатканын айтып берди.

— Советтер Союзу тарагандан бери биринчи жолу эс алууга келип жатам. Биздин мамлекет мугалимдерге көӊүл бөлүп, эс алууга шарт түзүп, жолдомо берип жатканына абдан кубануудамын. Пансионатыбыз абдан жакшы шартта экен, дегеним, баары бекер болуп жатпайбы. Мугалимдин алган айлыгы эч нерсеге жетпейт эле. Ден соолукту жакшы чыӊдадык. Мугалимге кичине эле көӊүл бөлүп койсо, ал тоону томкорот.

Ысык-Көлгө эс алуу үчүн Шонкоевадан тышкары дагы 100 мугалим келген. Алардын катарында ЖОЖдордун окутуучулары да бар. Булар жолдомону профсоюз уюму тарабынан алышкан. «Беш күндүк эс алуу ойдогудай өтүп жатат. Ал гана эмес, өз ара тажрыйба алмашууга да шарт түзүлдү», — деди Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Кытайбек Үтүров.

— Агартуучулар үчүн ден соолукту чыӊдоочу борбор ачылганы — эӊ жакшы өбөлгө. Мугалимдердин ден соолугу жакшы болсо, иши жакшырып, окуучулардын билими да жогору болот. Бул жакта мектеп мугалимдери менен ЖОЖдун окутуучуларынын өз ара маектешүүсүнө шарт түзүлдү. Мектептин программасына ылайык, биз да сунуштарды эске алуудабыз.

Тагыраак айтканда, бул пансионат Советтер Союзунун тушунда 400 орунга ылайыкталып, балдар лагери катары ишке берилсе, эгемендик алгандан кийин Кыргызстан эл аралык университети иштетип келген. Ал эми 2017-жылы Ѳкмөттүн чечими менен Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына алынып, инфратүзүмдүк шарттар жакшырган. Учурда 10 коттедж, администрациялык бөлүм жана ашкана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бөлмөлөргө жаӊы эмеректер алынганын пансионаттын администратору айтып берди. 

— Пансионатта 3 жана 5 кишилик бөлмөлөр бар. Мугалимдерге бардык шарттар түзүлгөн. Имараттарды оңдоп-түздөгөндөн сырткары ичиндеги бардык эмеректер жаӊыланды. Даараткана, жуунучу жай бардыгы камтылды.

Капиталдык оӊдоп-түзөө иштерине 130 миллион сом сарпталган, алдыда мамлекеттен 200 миллион сом бөлүнсө, кошумча 400 орундуу 5 кабаттуу имарат куруу мерчемделүүдө. Аны менен катар жашылдандыруу, жарыктандыруу системасы жакшырарын пансионатынын директору Акжол Атаев билдирди.

— Азыр бир убакытта 100 мугалимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Агартуучулар үчүн эс алуу шарттары көптөн бери каралбагандыктан, бардыгы ыраазы болуп кетип жатышат. Алдыда инфрастуруктуралык пландар бар. Бул жерге спорттук аянтча, балдар аянтчасын куруп, жашылдандыруу иштерине аракет кылып жатабыз.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санат» пансионатынын жалпы аянты 12 гектарды түзүп, тегереги куурчалган. Ѳткөн жылы 150 мугалим эс алса, бул жылы 780 мугалимге жолдомо берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM