Биз менен байланышыңыз

Сариев: Москва Атамбаевди толук колдоодон чочулайт

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 777 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Путин менен жолукпайт. Аны менен жолукса, «Москва Кыргызстандын ишине кийлигишип жатат» деген нааразычылыктар чыгып, орус бийлиги бул жактагы позициясын жоготуп алышы ыктымал. Мындай пикирин «Марал» радиосуна саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев көп болсо Бельяниновдор менен жолугат. Ошондой эле, Атамбаевдин Москвага учуп кетиши Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун келишими болушу мүмкүн деген пикирин айтат.

«Атамбаев бир күндөн кийин учуп келем деп жатпайбы, келе албайт го?.. Москва Атамбаевди калтырганга аракет кылат. Жээнбеков Швейцариядан келе жатканда Атамбаевди токтотуу тууралуу сөз болгон болушу мүмкүн. Бирок Путин деле Жээнбековго шарттарды койду да. Жээнбеков шарттарды аткарса, Атамбаев Орусияда калышы ыктымал. Швейцариядан келе жатканда экөө ошондой сүйлөшүүлөргө келишкен. Себеби, Жээнбеков азыркы бийликте президент да. Жээнбеков Кытай менен да мамилеси жакшы, Швейцарияга да бекеринен барган жок. Ошол үчүн Москва Жээнбековду жоготуп албайлы деп ойлойт. Андыктан, Москва деле Атамбаевди толук колдогондон чочулайт, тескерисинче, токтотконго аракет кылат», — дейт Сариев.

Ошентсе да, Атамбаевди Орусияда калат деп айтыш кыйын экенин Сариев белгилейт. Анын келип-келбешине көп факторлор таасир этиши мүмкүн. Азыр тажиктер менен болгон чек ара маселеси кандай чечилери да маанилүү роль ойнойт. Чече албаса Атамбаев келип аралашышы мүмкүн, себеби, буга чейин да ушул маселе боюнча «армия талкаланды» деген сыяктуу пикирлерин айтып жаткан.

Ал эми Атамбаевдин Кант авиабазасынан учуп кеткенин мыйзамсыз экендигин айтты.

«Ошондой болсо да, бир жагынан «Манастан» учсам, Текебаевдей кылып кармап кетет деп чочулап жаткан», — деди саясий серепчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM