Биз менен байланышыңыз

Казакпаев: Атамбаев «Манастан» учсам кармап кетет деп коркту

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 1384 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москва шаарына учуп кетти. Анын бул сапардагы максаты жана кайра келеби деген суроолор менен саясат талдоочу Марат Казакпаевге кайрылдык. Анын пикиринде, Атамбаев жеке коопсуздугунан чочугандыктан, «Манас» эл аралык аэропортунан кеткен жок.

«Манастан» учсам кармап кетет» деп коркту. Москвада чоң эле жолугушуу болот окшойт. Атамбаев убагында Орусияга бир топ эле жакшылыктарды жасап кетпедиби. Ал жактагылар кал деп айтышы мүмкүн, бирок өзү кайра келем деп кетти, демек, келет», — деди Казакпаев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM