Биз менен байланышыңыз

Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы башталды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 631 | 0

Бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин баштады. Сессияга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын дипломатиялык жана аскер эксперттери катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылы биргелешкен көзөмөлдөө тобу өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт.

 Биргелешкен көзөмөлдөө тобуна мүчө-мамлекеттердин делегациялары «Москва» жана «Шанхай» макулдашууларынын талаптарын аткаруу маселелерин, ошондой эле, уюмдун географиялык чегинде биринчи жарым жылдыктагы инспекциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын карап чыгышты.

Сессия өз ишин улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM