Connect with us

Чек ара: Ак-Сайда кайрадан ок атылды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 1305 | 0

Кыргыз-тажик чек арасынданы Ак-Сай аймагында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу «Маралга» Ак-Сай айылынын тургуну Камчыбек Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү ок атышууда кыргыз тараптан бир аскер жана жай тургун жабыркаган. Аларды «Тез жардам» унаасы ооруканага алып кетти. Ошондой эле, азыркы тапта да ок атышуулар уланып жатканын кошумчалады.

Маалым болгондой, кечээ 22-июлда Ак-Сай аймагында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргыз тараптан 1 адам жабыркаган. Алардын арасынан бир милициянын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ал  эми чыр чыккан аймакка бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон топ барган. Ошондой эле Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери жолугуп сүйлөшүү өткөргөн. Учурда тажик тарап Ош-Исфана жолун жаап койду.

Copyright © 2017 Maral FM