Биз менен байланышыңыз

Тажик тарап Ош-Исфана жолун жаап алды [видео]

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 2112 | 0

Тажик тараптын күч кызматкерлери Ош-Исфана стратегиялык унаа жолун жаап алышты. Бул тууралуу Көк-Таш айылынын тургуну Абдумиталип Кумарбаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, тажик чек арачылары жарым саат мурда унаа жолду таш менен тосушкан. Алар жергиликтүү тургундарды да, каттамдагы унааларды да өткөрбөй жатат. Чек арада унаалардын, жергиликтүү тургундардын чогулганы байкалууда.

Эске сала кетсек, 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух анклавынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын эли желектин орнотулушуна каршы болушкан.

Өз кезегинде кыргыз тарап чек арага Ак-Сай айылы деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан.

Бул чатак эки тараптуу таш уруш менен уланып, куралдан ок атууга чейин жеткен.

Окуяда кыргыз тараптан 16 адамга: чек ара аскерлерине, милиция кызматкерлерине жана жергиликтүү тургундарга ок тийип, ооруканага жаткырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM