Кечээ жакында эле Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул балбандын 130 жылдыгы өттү. Андагы таш көтөрүү оюнунда баш байгени Келдибек Атайбеков аттуу балбан жигит алды. Спорттун бодибилдинг түрү менен машыккан, ал тургай 2015-жылы аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган, 2018-жылы өткөн дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда таяк тартыш оюнунан дүйнө чемпионун жеңип алган бул жигит «Марал» радиосунун «Желе шоу» программасында конокто болуп, маек куруп берди.
— Жакында эле Кожомкул атабыздын 130 жылдык мааракесине барып, таш көтөрүү боюнча баш байгени алдыңыз. Кандайча, кантип катышып калганыңыздан кеп салып берсеңиз…
— Негизи оор атлетика менен жети жылдан бери машыгып келе жатам. Буга чейин спорттун башка түрлөрү менен машыгып көрдүм, бирок эмнегедир оор атлетика мени тартып кетти. Урук-тукумубузда деле күчтүү адам же спортчу жок. Менимче, бул — Кудайдан келген күч. Ушул нерсени эл керегине, мамлекеттин керегине жарай тургандай кылышыбыз керек.
Кожомкул атабыздын өмүр баянын окуп отуруп, «Ушунчалык чоң ташты кантип көтөргөн? Ашуудан атты кантип көтөрүп чыгып кеткен?» — деп абдан таңданчумун. «Ошондой ишти биз да кыла алабызбы?» — деген кызыгуу пайда болчу. Аракет кылсаң, жемиши сөзсүз болот экен.
Мааракеге 10-15 күн калганда спорт чөйрөсүндөгүлөргө кабар беришти. Мелдешке баш байгеге ээ болуу үчүн эмес, «Бир кезде Кожомкул атабыз кылган нерсени азыркы кыргыз жигиттери кыла алат болду бекен?» — деген кызыгуудан улам катышып калдым. Абдан эле оор болду. Өзүңөр көргөндөй, оюнду президентибиз Сооронбай Жээнбеков да карап турду. Ушундан улам, менде бир чети сүрдөө, бир чети «Эл кыла албаган нерсени мен бүгүн кылышым керек», — деген чыйралуу пайда болду. Таш көтөрүүгө 28 балбан ат салышты. Анын ичинен экөөбүз гана көтөрүппүз. Буга чейин деле спортто кыйналып далай жүргөнбүз, бирок ташты көтөргөндөй кыйналган эмесмин. Биз ошол таштын бир четин эле көтөрдүк. А Кожомкул балбан 100 метр аралыкка чейин көтөрүп келип орноткон. Ошол нерсе мага абдан кызык.
Ушул жерден айта кетиш керек, таш көтөртүүдө бир аз кемчиликтер орун алды. Дегеним, көтөрүп кете албасак да, тике тургузуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок, кучагыбыз жетпей калып жатты. Ташка аркан курчап же тургузуп кетүүгө ыңгайлаштырып коюп берсе жакшы болмок экен.
— Ат көтөрүү боюнча мелдеште: «Жеңсем да байгени албайм», — дептирсиз…
— Таш көтөрүү боюнча баш байгени алгандан кийин, калыстар тобу ат көтөрүү оюнуна катыштырбоо аракетин көрүштү. Мен байге үчүн эмес, намыс үчүн келгенимди, эгер жеңсем байгеден баш тартарымды айттым. Ошондон кийин уруксат беришти. Эми 630 кг ташты көтөргөндөн кийин, 300 кг атты көтөрүү жеңил эле да. Анын үстүнө, буга чейин деле мындай салмакты көтөрүп көргөнбүз. Эл оюндун аягында бул жолку байгени да мага берүүсүн талап кылышты. Бирок, убадама туруп байгени алган жокмун.
— Инстаграм баракчаңыздан нааразы болгон пикириңизди окуп калдык…
— «Минтип койсо болмок, антип койсо болмок», анан «Мактанчаак», — деген сыяктуу, сын-пикирлер, терс ойлор көп жазылбадыбы. Чынында, мен үчүн ошол тойдун өзүнө барып, Кожомкул атабыздын баскан жерин басып келиш, ташын кармап келиш эле чоң сыймык жана жашоомдогу чоң ийгилигим деп билем. Көпчүлүк адамдар эч нерсени билбестен сындашты. Өзүбүздүн ажобуз: «XXI кылымдагы Кожомкул балбандын аракетин кылган жигит ушул эле экен», — деген баасын берди. Тойго келген беш миңдей киши калыс карап, мактап отурду. Эгер ушу сөздү өзүм айткан болсом, анда сындашса болот эле…