Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы ачылган Калкты тейлөө борборуна барды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 613 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Ош шаарында жаңы ачылган Калкты тейлөө борборуна барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) төрагасы Алмаз Мамбетов калкты тейлөө борбору аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө мамлекет башчысына маалымат берди. Ошондой эле, ушул сыяктуу жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен айтты. Андан тышкары, калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи. Муну менен бирге, өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык мерчемделген иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоонун маанилүү экенин кошумчалады.

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору-2 имаратынын аянты 300 чарчы метрге жакын, күнүнө миңге чейин адамды тейлей алат. Белгилеп кетчү жагдай, мындагы бардык кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM