Connect with us

Таза суунун тарифи жогорулайт

Коом | 19 Июл 2019 | 1836 | 0

Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү пландап жатат. Себеби, бүгүнкү күндө 1000 литр суунун өздүк наркы 8 сом экенине карабай, шаар тургундары 5 сом 38 тыйындан төлөйт. СССР убагынан бери алмашылбай келе жаткан суу түтүктөрүн алмашытырууда, канализация үчүн жаңы жабдык алууда мэрия компанияларга карыз болуп калган. Ошол себептен ичүүчү суунун тарифин көтөрүп, келтирилген чыгашаны жабуу керектигин аталган мекемеден маалымдашты.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү мамлекеттик органдардын аракетине карабай, Кыргызстанда таза сууга болгон тариф саясаты өз нугуна түшпөй жатканын айтып, бул маселени бир нече ирет көтөрүп келет.

Бишкек мэриясы борбордун жашоочуларына суунун тарифин жогорулатуу тууралуу долбоорду сунуштап, шаардык Кеңешке токтом жөнөтүштү. Алардын айтымында, суу түтүктөрүн алмаштырууда мэрия карызга батып калган. Тарифти көтөрүү аркылуу карыздарды жоюп, жаңы жабдыктар алынарын Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

— Акыркы жылдары суунун баасы көтөрүлгөн жок. Суу берген түтүктөрдүн эскилиги жетип, алмаштырууга туура келди. Мындан сырткары, суудагы таштандыны тазалаган техника да алынышы керек. Бирок ага каражат керектелет. Буга чейинки иштер банктардан насыя алып жасалган. Мындан улам, карыз болуп отурабыз. Бишкек шаарынын тургундары башка облустарга салыштырмалуу кыйла арзан төлөйт. Бирок сууну үнөмдүү колдонушпайт. Башкалардыкына теңеш керек. Бул долбоор азыр шаардык Кеңешке жиберилди, алар чечет. Ошонун негизинде иштер жүрөт.

Ал эми Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин Бишкек жана Чүй облусундагы бөлүмүнүн башчысы Сыргак Оморов Бишкек мэриясы сунуштаган долбоорду колдоп берген. Анткени, эл ичүүчү сууну үнөмдөбөй жаткандыктан, таза суунун көлөмү күндөн-күнгө азайууда. Эгерде тариф көтөрүлүп, ар бир үйгө тиешелүү эсептегич коюлса, көйгөй жаралбасын айтат. Ошол эле учурда, долбоор колдоо таап калса, ушул жылдын ноябрь айынан тартып ишке кирерин, карыздар жоюлмайынча көтөрүлгөн тариф сакталып тура берерин маалымдады.

— Буга чейин да эл жана эл өкүлдөрү суунун тарифин көтөрүүнү айтып келишкен. Бизге келгенде долбоорду карап, изилдеп бердик. Туура деп таптык. Кошулуп жаткан суммалар анчейин деле жогору эмес. Маселен, биз көчөдөн 0,5 литр сууну 20-25 сомго сатып алабыз. А бул жак менен салыштырганда, кыйла арзан болуп жатпайбы.

Жол кирени, таштандынын төлөмүн, суунун тарифин көтөрөрдө, эл ар дайым ызы-чуу кылып келет. Бирок ошол кызматтар мамлекет үчүн канчалык маанилүү экени экинчи планга жылып кетет. Мындай ойду Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Рысбай Аматов билдирди. Анын айтымында, эгерде суунун тарифи көтөрүлүп жатса, анда сапаты да жакшырат. Мунун менен бирге, сунушталып жаткан долбоор эс алуудан соң каралып, коомдун ою да эске алынарына ишендирди.

— Тарифтер көтөрүлөт дегенде эле, «Эмнеге?» — деген суроо беребиз. Ошол эле учурда, «Көтөрүлсө мамлекетке жана элге кандай пайдасы бар?» — деген суроону унутуп коебуз. Бирок мындай болбойт. Балким тариф көтөрүлсө, суунун сапаты жакшырат. Биз бул тараптан да карап көрүшүбүз керек.

Ичүүчү суунун тарифин көтөрүү долбоорун колдойсузбу? Сунушту кандай кабыл алдыңар? Бул суроолорду калаа калкына узатып көрдүк.

— Жок мен каршымын. Эмнеге көтөрүшөт? Жөн эле тарифтер көтөрүлө береби? Мен ушундайга такыр түшүнбөйм.

-Өзүлөрү карызга баткандан кийин, өзүлөрү төлөш керек да. Бизден чыккан сууну сатып алуу деген кантип болсун.

-Мен колдойм. Балким суунун сапаты да жакшырмак. Кийинки убактарда жалаң гана хлор ичип калдык. Эгерде тариф көтөрүлүп, сапат жакшы болот десе колдойм.

Эске сала кетсек, шаар тургундары үчүн Бишкек мэриясы суунун тарифин — 8 сом 10 тыйынга, канализация үчүн — 2 сом 30 тыйынга көтөрүүнү сунуштоодо. Аталган мекеменин берген маалыматы боюнча, «демократиялык тариф саясатынын» айынан акыркы жылдары «Бишкек суу каналы» ишканасы чыгым тартып, 2017-жылы 94,2 миллион сом, былтыр 89,8 миллион сом чыгымга учураган. Ал эми ушул жылдын 1-июнундагы маалымат боюнча, ишкананын 105,2 миллион сом бересеси бар.

Copyright © 2017 Maral FM