Биз менен байланышыңыз

Өкмөт спорт тармагына 103 миллион сом бөлөт

Спорт | 19 Июл 2019 | 826 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары машыктыруучулардын эмгек акысы 50 %га, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы 20 %га көбөйтүлөт. Аталган тармактагы жылыштарды эске алып, 1500дөн ашуун машыктыруучунун жана 400гө жакын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт. Өкмөттүн бул аракети спортчулардын ишине дем берүү максатында жасалып жатканы айтылат. 

«Айлык аздыгынан машыктыруучулар жана дене тарбия кызматкерлери жумушун таштап, башка тармакта эмгектенүүгө мажбур болушат. Көпчүлүгү соода тармагында иштеп жатышат», — дейт балдар спорт мектебинин машыктыруучусу Талант Дүйшөнбеков. Анын айтымында, буга чейин деле спорт кызматкерлерине жана машыктыруучуларга кошумча маяна каралган, бирок өтө аз өлчөмдө. Кошумча жумуш менен алектенгенге убактысы туура келбегенин, акырындык менен айлык көбөйөт деген үмүттө иштеп жатканын айтып, буларды кошумчалады:

— Машыктыруучулардын айлыгын эчак эле көтөрүш керек болчу. Айрымдары маяна аз деп башка тармактарга кетип калышты. 50 пайызга көтөрдү деп жатпайбы, 100 пайыз деле көтөрсө жарашат. Себеби, балдарды тарбиялагандар биринчи кезекте колдоого алынышы керек.

Өкмөттүн 2018-жылдагы чечими менен дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин маянасын көтөрүү демилгеленген. Жогорку Кеңеш бул чечимди колдоп, 2019-жылдын бюджетине 103 миллион сом бекитип бергенин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. Бөлүнгөн каражат  аталган агенттикке караштуу төрт дирекциядагы спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча эмгектенген кызматкерлерге каралган. Ошондой эле, бул каражаттын эсебинен алдыңкы спортчуларга да стипендия чегерилет.

— Мисалы, 4 дирекция бар, алардын башчылары 11 миң сом алса, эми 13 миң 200 сом алат. Ал эми өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жетекчиси мурда 6 миң сом алса, эми 7 миң 200 сом алат. Мындан тышкары, кошумча коэфиценттер каралган, алар өзүнчө эсептелет.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиевдин пикиринде, спорт тармагында айтарлык жетишкендиктер бар.  Машыктыруучулардын маянасы көп жылдан бери көтөрүлө элек. Бул жагынан Өкмөт өз убагында колдоо көрсөтүп жатат, спорт кызматкерлери жогорку айлык алганга татыктуу.  Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги жаңычылдык  менен иш алып барып, спорт тармагында жакшы шарттар түзүлүп, уюштуруучулук иштер мыкты деңгээлде журүп жатат.

— Бул каражат ошол тармакта эмгектенген кызматкерлердин жашоо-шартын түп-тамырынан өзгөртүп иет дегенден алысмын. 300-400 доллар айлык алса, айлыктын аздыгы тууралуу кеп болбойт эле. Андай кылып көтөрүп жибергенге биздин экономикалык жагдайыбыз жооп бербейт. Ушинтип акырындап отуруп, алардын материалдык муктаждыктарын чечкенге жетишет деп ойлойм.

Белгилей кетсек, кыргыз спортчулары 2018-жылы XVIII Азия оюндарында 20 медаль алышкан, алардын ичинен үч спортчу  алтын медаль тагынган. Ал эми, Футбол боюнча улуттук курама команда Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө биринчи жолу жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM