Биз менен байланышыңыз

Жолдубаева: Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилиптир

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 940 | 0

Коомчулукта милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Ишенимдүү булактардын айтымында, Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилгени белгилүү болду. Ишти күндүн экинчи жарымында баштоо пландалып, 1500 укук коргоочу тартылат экен. Бийликтегилер радикалдык чаралардын арты жаман болорун унутуп калса керек», — деп жазган Жолдубаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 10:00дө Ички иштер министрлигине сурак бериши керек.

Кечээ мурдагы президентти суракка чакыруу каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июль саат 10:00дө суракка барышы керектиги жазылган.

Мурдагы президентти суракка чакыруу биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда келген. Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай турганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM