Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кореянын премьери Ли Нак Ен мырза менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 467 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түштүк Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

«Бул иш сапар биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөндөн бери, акыркы 28 жылдагы Түштүк Корея Республикасынын мамлекеттик жогорку деңгээлдеги алгачкы иш сапары болду. Сиздин Кыргызстанга жасаган иш сапарыңыз эки мамлекеттин достугун бекемдөөгө жана өз ара кызматташуунун жанданышына салым кошот деп ишенем», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Ли Нак Ен байланыш жана кызматташтык Өкмөттүк деңгээлде эле эмес, түз инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзгөн бизнес чөйрөсүндө да кеңейет деп үмүттөнгөнүн билдирди.

Жолугушууда ошондой эле, санариптешүү, билим берүү, туризм, соода-экономикалык байланышты жандантуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууга алынды.

Copyright © 2017 Maral FM