Биз менен байланышыңыз

Баткен: Мечитте баш калкалап келген милиция үйлүү болду

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 628 | 0

Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында милициянын аймактык тескөөчүсү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду.  Бул тууралуу sputnik.kg сайты жазды.

Маалыматка ылайык, курулган төрт бөлмө үйдүн үч бөлмөсүндө аймактык тескөөчү үй-бүлөсү менен жашайт. Ал эми бир бөлмөсү милициянын аймактык пункту катары пайдаланылат.

Белгилей кетсек, буга чейин милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана айрым тургундардын үйлөрүндө баш калкалап келген. Мындан улам, Ак-Турпак айыл өкмөтү миллион сом, Кадамжай райондук милициясы 200 миң сом бөлүп, андан тышкары, жеке демөөрчүлөр да акча кошуп, жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM