Биз менен байланышыңыз

Чүй: 62 жаштагы аял каналга агып каза болду

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 475 | 0

Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы «Быстроток» каналына 1957-жылы туулган аял түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ болгон. Келип түшкөн маалыматтын негизинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:33тө маркумдун сөөгүн каналдан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM