Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Унаа» ишканасынын коррупциялык иштери аныкталды

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 642 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик ишканасынын автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул факты Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы тарабынан ишке ашырылганын мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын каттоо департаментинин (ТККД) каттоо-сынактык бөлүмүнүн кызмат адамдары башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын бажы алымдарын төлөбөстөн киргизген.

УКМКнын ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген «Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 автоунаа кармалды.

Өкмөткө караштуу МКК тарифтик торчосуна ылайык, өлкө аймагына кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө алдын ала 2 млн 608 миң сом зыян келтирилген.

Учурда Республиканын аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM