Биз менен байланышыңыз

Гафур Рахимов AIBA президенттигине толугу менен чек койду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1824 | 0

Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти, өзбекстандык бизнесмен Гафур Рахимов кызматын тапшырды. 15-июлда уюмдун маалымат кызматы анын арызын жарыялады.

Арызда Рахимов «жалган айыптоолордун» кесепетинен ар түрдүү соттук жараяндарга катышууга аргасыз болгонун, өзүн актоо үчүн ушундай кадамга барууга мажбур экенин жазган.

Гафур Рахимов AIBA’нын президенти болуп 2018-жылы 2-ноябрда шайланган.

Ал 2012-жылы кылмыш топтордун негизги башчысы катары АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM