Биз менен байланышыңыз

Информатика мугалимдери IT тренддерин үйрөнүшөт

Билим-маданият | 16 Июл 2019 | 1298 | 0

17-20-июль күндөрү Ысык-Көлдө информатика боюнча мугалимдердин республикалык жыйыны өтөт. Аны «Сорос-Кыргызстан» фонду менен Кыргызстандын информатиктер ассоциациясы уюштурууда.

Бул иш чара педагогдорго заман талабына ылайык IT тренддери тууралуу маалымат алууга, мектептерде информатика сабагын жеткиликтүү окутуусуна жардам берет. Кыргызстандын информатиктер ассоциациясынын жетекчиси Улан Мамбетакунов «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берди.

Марал: — IT тармагы жөнүндөгү жаңы маалыматтар, аны мектепте окутуу боюнча мугалимдердин жыйыны эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Улан Мамбетакунов: — Быйылкы жылды президент «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп белгилегени үчүн информатика предметин окуткан мугалимдердин экинчи республикалык слетун өткөргөнү жатабыз. Анын негизги максаты – мугалимдердин дараметин көтөрүү болуп эсептелет. Бул тармактагы негизги мүчүлүштүктөр, көйгөйлөр буга чейин аныкталган. Ошонун негизинде чечүү жолдорун биргелешип издөө, мугалимдерге практикалык жактан көбүрөөк жардам берели деп жатабыз. Чогулуш «Биз балдарды санариптик келечекке даярдайбыз» деген ураан менен өтөт.

Мурдагы иш-чаралардан айырмачылыгы хакатон түрүндө өтөт. Бул деген конкурс сыяктуу болот, анда мугалимдер топ-топко бөлүнүп алып, практикалык түрдө бир тапшырманын үстүндө иштешет. Ошонун жыйынтыгында кайсы топ тапшырманы жакшы аткарса сыйлыктар тапшырылат.

Марал: — Мугалимдердин информатика сабагын окутуусун жакшыртууга багытталган иш-чарага атайын IT адистери чакырылганбы?

Улан Мамбетакунов: — Эстониядан мыкты IT адиси чакырылган. Ошондой эле жергиликтүү маалыматтык-коммуникациялык технология тармагын өнүктүрүүгө өз ыктыяры менен салым кошуп келе жаткан адистер катышат. Быйыл программалоо тилин үйрөтүүгө чоң басым жасап жатабыз. Ал боюнча аймактардагы адистерди да чакырдык. Жалпы 72 катышуучу болот.

Биз бул иш-чараны уюштуруудан мурун жер-жерлерде информатика сабагын окуткан мугалимдер кандай көйгөйлөргө дуушар болорун изилдеп көрдүк. Бул жөн эле талкуу эмес, мугалимдердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.

Марал: — Изилдеп көрдүк деп жатасыз, айыл-аймактарда маалыматтык технологиялар, информатиканы окутуу деңгээли канчалык?

Улан Мамбетакунов: — Айыл жерлеринде мугалимдер интернет аркылуу колдон келишинче өздөштүрүп жатышат. Бирок жалгыз эле отуруп алып өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатпайбы. Ошондуктан чогулуп, бири-бири менен тажрыйбасын бөлүшүп, биргелешип иштешсе жакшы болот деп ойлойбуз. Себеби жаш мугалимдер да бар, алар университетте окуп жүргөндө программалоо тили башкача болчу, азыр технология өнүгүп жатат. Ошондуктан мугалимдерге жаңы тренддер, жаңы маалыматтар менен камсыз кылууну көздөп жатабыз.

Copyright © 2017 Maral FM