Биз менен байланышыңыз

«Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 542 | 0

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарындагы «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү лидери, Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы тургуну М. М. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ал 2018-жылдын ноябрь айынан баштап Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясындагы) 299-2-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Кармоо учурунда М.М. каршылык көрсөткөн. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмуна таандык адабияттар менен электрондук материалдар табылган. Алар далил катары тергөө органына өткөрүлүп берилип, тиешелүү соттук-теологиялык экпертиза дайындалды.

Кармалган жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Болжолдуу маалымат боюнча, жаран М.М. Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын аймагында «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүн жашыруун жайылтып келген. Ошондой эле, республиканын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу планын ишке ашырууну талкуулашкан экстремисттик көмүскө жайдын башчыларынын чогулуштарына катышып жүргөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан М. М.га карата бир айга №1 тергөө абагына камакка алуу чечими чыкты.

Азыркы учурда атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM