Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Евразия жумалыгы» форуму өтөт

Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 559 | 0

25-27-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясы менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн “Евразия жумалыгы” форуму өтөт. Мындай маалыматты комиссиядан билдиришти.

Иш-чара ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата уюштурулуп, анда биримдиктин ишиндеги жыйынтыктар жана өнүктүрүү жолдору талкууланат.

Андан тышкары аталган форумдун алкагында ЕАЭБдин жаш лидерлеринин мектебинин иш чарасы өтуп, жаштар демилгелерин сунушташат. Ошондой эле биримдикке мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба, азык-түлүк көргөзмөсү да өтүп, 100дөй компаниянын катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM