Биз менен байланышыңыз

«4 бала төрөгөн апалардын саны өстү»

Кыска кабар | 13 Июл 2019 | 531 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы 171 миң бала төрөлгөн. Мындай маалымат Статистика комитетинин жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган материалында айтылат.

Үй-бүлөдө ымыркайлардын 28,5%ы биринчи, 26,9%ы экинчи, 22,8%ы үчүнчү перзент болуп төрөлгөндөр. Ал эми төртүнчү жана андан кийинки болуп төрөлгөндөр 22%ды түзгөн.

2000-жылдардан кийин Кыргызстанда төрөлүүлөрдүн саны өсө баштаган.

2019-жылы калктын саны 6 млн 389,5 миңди түзсө, анын 4 млн 215,9 миңи айыл жеринде жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM