Биз менен байланышыңыз

Ички өндүрүмдүн көлөмү өстү

Экономика | 11 Июл 2019 | 495 | 0

2019-жылдын I жарым жылдыгындагы алдын ала баалоолор боюнча ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 232 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга жогорулаган. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүн өндүрүмдүн көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга өскөн.

2019-жылдын I жарым жылдыгындагы алдын ала баалоолор боюнча ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 232 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат катчысы Барис Арабаев билдирди. Ал Кумтөр кен казуу ишканасын эсепке албаганда, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 207 млрд сомдон ашканын маалымдады.

— «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүн өндүрүмдүн көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга өскөн. Ал эми өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2019-жылдын 6 айында 127 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19,7 пайызга жогорулаган. Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта 5,5 пайызды жана дүң жана чекене соодада өсүү 4,7 пайызды түзүп, жылыш байкалган.

Ал эми өлкөнүн айыл чарба багытында реалдуу өсүү 1,7 пайызды түзүп, өсүү байкалды. Бул тууралуу реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова билдирди. 2019-жылы айдоо иштерине бөлүнгөн жерлер 2018-жылдагыга салыштырмалуу көп.

— Өлкө боюнча айдалган жерлер 1 миллион 216 миң гектардан ашык жерди түздү. Ошондой эле, 1 миллион 215 миң гектардан ашык жерге эгин себилди. Эгерде былтыркы жыл менен салыштырып карай турган болсок, айдап-себүү 0,1 пайызга өстү.

2019-жылдын 6 айында Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 176,7 миллион долларга жетти. Бул өткөн жылга салыштырганда 48,9 пайызга көбөйгөнүн инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова билдирди. 57,3 пайызы геологиялык чалгындоо тармагына таандык болсо, пайдалуу кендерди казуу тармагы 16,6 пайыз болгонун айтып, буларга токтолду:

— Ушул жылдын 6 айында Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 176,7 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырганда 48,9 пайызга өскөн. Маалымат жана байланыш тармагына келген түз инвестиция  жалпы көлөмдүн 7,2 пайызына жеткен. Ал эми дүң жана чекене соода 6,1 пайыз, иштетүү өндүрүшү 5,8 пайыз көрсөткүч болгон. Тике инвестициялардын 68,9 пайызы Кытайдан келген.

Кыргызстанда никеге тургандардын саны азайууда. Мындай маалыматты демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлхумар Абдуллаева билдирди. Өлкөдө эркектердин көпчүлүгү 26 жашында үйлөнсө, кыздар 23 жашында турмушка чыгат. Ал эми акыркы беш жыл аралыгында ажырашуулар азайганын айтып, буларды кошумчалады.

— Кыргызстан калкынын санынын өсүүсү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн айрым мамлекеттеринин катарын толуктап келет. Башка өлкөлөргө караганда, Кыргызстандын калкынын саны жылдан-жылга өсүүдө. Маселен, Тажикистанды алып карап көрсөк болот. 2018-жылдын маалыматы боюнча, мурунку жылга салыштырмалуу 3, 1 пайызга өскөн. Ал эми ушул эле жылда, никеге тургандардан 171 миң бала жарык дүйнөгө келген. Эгерде бул көрсөткүчтү 2009-жылга салыштырсак, 26 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2018-жылы 33 миң адамдын каза болгону катталса, 2009-жылы 36 миң каза болгон адам катталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM