Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы соода-сатык жарманкеси кандай абалда?

Коом | 11 Июл 2019 | 681 | 0

Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилге карата ар жылы өлкөнүн 7 дубанынан келген жашоочулар соода-сатык иштерин жүргүзүп кетишет. Быйылкы жылы да туризмдин чордону болгон Ысык-Көл районунда азык-түлүктөн тарта кол өнөрчүлүккө чейин соодалашуу иштери кызып жаткан мезгили.

Ысык-Көлдүк соодагерлер жайлоолордон терилип алынган козу карындын өзгөчө даам-татымалын адаттагыдай эле айтып отурушат. Себеби, туристтер, анын ичинен Орусиялык меймандар туздалган жана сууга бышырылган козу карынды ар жылы алышат. Ага утурлай, быйылкы сезондо Ысык-Көлдүн балыгы да өзгөчө бренд болуп жатканын сатуучулардын бири Галина Дуглова айтып берди.

— Көптөн күткөн жайкы эс алуу мезгилибиз эми гана башталды. Ага ылайык, бул жолу Чолпон-Ата шаарынын базарына үйүбүздө жумалап даярдалган балыктын түрлөрүн алып чыктык. Сооданын башталышы жаман эмес, Ысык-Көлдүн балыгы деген аты бар эмеспи. Бизге көлмөлөрдө балык өстүрүүчүлөр чийкилей алып келишсе, калганын өзүбүз камдап алабыз.

Атап айтканда, курорттук жайга айланган аймакта жайкы туристтик мезгилдин башталышы менен бир балыктын даанасы 50 сомдон 1000 сомго чейин коюлган, козу карындын маринддалганы жана сууга бышырылган түрү 350 сомдон жогору бааланууда. Андан кийинки эле бал өндүрүүчүлөр бул жылы эрте камылга көрүп, базарга балдын түрүн чыгарышкан. Бул боюнча соодагер Алла Дрожа буларга токтолду:

— Биз сатып жаткан балдын түрлөрү тоодон алынган. Анткени, акыркы жылдардан бери туристтер экологиялык таза өндүрүмдү алууга тандоо коюшту. Ошого байланыштуу, бул жылы жаӊылык катары бөрү карагат, чычырканак жана чай чөптөрдү камтыган кошулмаларды аралаштырдык.

Мындан сырткары, жергиликтүү мөмө-жемиштер, четтен алынып келинген чай чөптөр да өз ордун тапкандыгын айтсак болот. Ошондой эле, туристтер үчүн кол өнөрчүлүк бааланып, 8 ай бою жайды күткөндөр бул жылы булгаары, чоподон жана жыгачтан даярдалган сувенирлерин сатып жаткандарын Рустам Ахмедов айтып берди.

— Бул жылы сода-сатык ойдогудай башталды. Базарга өзүбүздүн буюм-тайымдарыбызды алып чыктык. Бул жерден булгаарыдан, жаӊгак жыгачынан жана чоподон даярдалган буюмдарды тандап алса болот. Баалары 50 сомдон 300-400 миӊ сомго чейин барат.

Бул өӊдүү азык-түлүктүн жана кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан буюм-тайымдардын өтүмү, айрыкча, июль айынын башталышы менен күчүнө кирерин айтсак болот. Ысык-Көл районуна келген чет элдиктер башкасын албаса да, Ысык-Көлдүн балы менен балыгын ооз тийбей коюу мүмкүн эместигин айтышат.

— Мен Пакистандан атайы Кыргызстандын кооз жерлерин, анын ичинен Ысык-Көлдү көрүүгө келген элем. Жаратылыштын сулуулугуна сөз жок. Мага көлдүн балыгы көбүрөөк жакты. Өзгөчө тамшандырган даамы таӊдайдан кетпей калды.

— Мен быйыл Алматыдан келдим. Көлгө келгенге жараша балык алып кетебиз. Бизге бир гана жакпаганы — көчөдө сатылышы. Эгерде жарманкелер көбүрөөк уюштурулса, тандап алуу оңой болмок. 

— Биз үй-бүлөбүз менен 300 сомго горбуша деген  балыкты сатып алдык. Жакшы даярдалыптыр, нааразычылык жок.

Жолдун боюнда жана базарда отурган соодагерлерлерге атайын шарттар түзүлгөнүн Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев да ырастайт. Анткени, райондо мейман үйлөрдү гана өнүктүрбөстөн, чакан базар аркылуу да ар бир ишкердин акча табуу мүмкүнчүлүгү кеӊейүүдө.

— Мурда райондун Кара-Ой айылынын тургундары балды, балыкты же башка мөмө-жемиштерди ачык жерге туруп алып сатышчу. Кийинки жылдары жергиликтүү жашоочуларга  үстү калкаланган атайын чакан базарларды жасап бергенбиз. Ал эми санитардык талаптар ар убак тийиштүү кызматкерлер тарабынан текшерилип турат.

Белгилей кетсек, курорттук аймакта сатылган айыл чарба азык-түлүгү ар жуманын ишемби, жешемби күндөрү атайын жарманкеге да чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM