Биз менен байланышыңыз

Абжалиевдин уулу кырсыкка кабылган «BMW X-7» унаасы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1457 | 0

7-июлда Чолпон-Ата шаарына жакын жерден адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсык учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да бар болгон. 25 жаштагы депутат сатыкка 2019-жылы гана чыккан «BMW X-7» унаасында келаткан. «Kaktus.media» сайты мына ошол Темирлан Токобеков бара жаткан «BMW X-7» унааасы тууралуу айрым маалыматтарды жазды.

«BMW X-7» кандай унаа?

Кымбат баалуу «BMW X-7» үлгүсүндөгү унаа 2017-жылы өндүрүшкө киргизилип, 2019-жылы сатыкка чыгарылган. Бишкектеги «BMW» борборунун айтканына таянсак, унаа Кыргызстанга ушул жылдын апрель айында келген. Унаанын сатыкка чыккан баасы 79 миң доллар, бирок бул Кыргызстан үчүн туруктуу баа эмес, себеби, бажы төлөмдөрүнө жана тетиктерине карап өзгөрүшү мүмкүн.

Кыргызстанга АКШдан унаа ташып келүү менен алектенген компания билдиргендей, бажы төлөмдөрдү жана жеткирип берүүнү эске алганда, унаанын баасы 110 миң доллардын тегерегине барат.

Унаа кимге таандык?

Темирлан Токобековдун ишенимдүү адамы Каныбек Жакшыбаев билдиргендей, унаа Бишкектеги «BMW» борборуна таандык.

— Унаа «BMW» борборуна таандык, Халмурзаев ошол жерде айдоочу болуп иштегендиктен, командировкага компаниянын унаасы менен чыккан, — деди Жакшыбаев.

Ал эми «BMW» борбору унаа боюнча «Kaktus.mediaга» расмий кат жолдонгондон кийин гана жооп бере турганын билдирген. Ошондой эле, Эльдияр Халмурзаев аттуу кызматкердин эмгектенбегенин жана тесттик айдоо үчүн унаалар убактылуу берилбей тургандыгын кошумчалаган.

А бирок күч түзүмдөрү унаанын Темирлан Токобековдун атына катталганын буга чейин маалымдашкан болчу.

«Номер алмаштыргыч» колдонулган

«BMW X-7» унааасына номер алмаштыргыч рамка колдонулган. Номер алмаштыргыч рамкага эки номер салууга болот жана ал айдоочунун буйругу менен алмашат. Жол коопсуздук кыймылынын башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эгерде унаада Мамлекеттик каттоо кызматынан берилген чыныгы номерлер колдонулса, анда номер алмаштыргыч рамка колдонууга мыйзамда тыюу салынбайт. Мисал үчүн, бирөөсү — демейдегидей, экинчиси — ысым жазылса.

Кырсык болгон учурда унаада Кыргызстанга таандык 01KG 991 AG номери жана Орусияга таандык А356ET 763 номери болгон. Орусиянын «763» аймактык коду боюнча текшергенде, номер Самара облусунда берилген. Ал эми avtocod.ru сайтындагы маалыматта 2013-жылы чыккан БМВ Х-5 унаасына таандык экени жазылган. 

Жол коопсуздук кыймылынын башкы башкармалыгынан билдиришкендей, номер алмаштыргыч рамкаларды айдоочулар жалган номерлерди жашыруу үчүн колдонушат. Жол эрежесин бузган учурда айдоочулар унаанын өзүнүн номерин, жасалма номерге алмаштырышат. Мындай жол менен камералар каттоо кызматында жок номерлерди каттап калышат. Жасалма номер колдонгондорго 10 миң сом айып пул салынат.

Унааны сатып алууга Токобеков акчаны кайдан тапкан?

25 жаштагы Темирлан Токобеков Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты. Шаардык Кеңеште спикер менен вице-спикерден башкасы айлык алышпайт. Антсе да, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болуу бизнес маселелерин чечүүгө чоң жардам берет.

Токобеков куруулуш бизнесине ээлик кылат. Расмий маалыматтар боюнча, тактап айтканда, мамлекетке төккөн салыктарга карап айта турган болсок, анын акча айландыруусу аз гана. Ошондой эле, osoo.kg сайтынын маалыматында Токобековдун бизнестеги өнөктөшү Сухраб Жолмухамедов экөө «Хелфер Вотчес КЖ»  (адистештирилбеген дүң соода) фирмасына ээлик кылышары жазылган. Бул фирманын да акча айлантуусу анча чоң эмес. 2015-2019-жылдар аралыгында аталган ишкана таштандыга жана фирманы кайра каттатуу үчүн мамлекеттик бюджетке 1000 сом төлөшкөн.

Мындан тышкары, Жолмухамедов менен Токобеков «Фемили групп» ЖЧКсына да ээлик кылышат.  Бул фирма 2017-2018-жылдары  бюджетке 613 сом которгон.

«Фемили групп» ишканасынын  бир канча туунду компаниялары бар:

  • «Фемили-Декор» ЖЧК (курулуш-монтаждык кызматтар);
  • «АЗМ-Строй» ЖЧКсы (Имараттарды куруу);
  •  «Фемили-Бетон»  ЖЧКсы (бетон өндүрүү);
  • «Фемили Секьюрити» ЖЧК (коргоо агентиги);
  •  «Нур Элит Строй»  ЖЧК (имаратьтарды куруу).

Буга чейин Токобеков атасынан калган «Сапат Кен Сервис» (тоо-кен жана кара металл өндүрүү) ЖЧКсына ээлик кылып келген, бирок учурда маалыматтык базадан табуу мүмкүн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM