Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстан Швейцарияга таза азык-түлүк экспорттоого кызыкдар

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1421 | 0

Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүмдөрдү Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар. Президент Сооронбай Жээнбеков мындай билдирүүнү кечээ Швейцариянын бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Берн шаарында өткөн жолугушууда мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген.

Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн, кийим-кечелерди жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарын чыгарууга даяр экенин билдирди.

«Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук — бул сертификациялоо инфраструктурасынын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүгө чакырам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент экономикалык өсүштүн маанилүү аспектиси катары ишенимдүү кызмат көрсөтүү чөйрөсүн атады.

«Швейцариянын каржылык кызмат көрсөтүү тармагы Кыргызстан үчүн экономикалык абдан чоң мааниге ээ. Биз аймактарды өнүктүрүүгө багытталган каржылык институттарды ишке киргизүүдө Швейцариянын инновациялык мамилелерди колдонуу тажрыйбасын үйрөнүүнү каалайбыз», — деди өлкө башчысы.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда экологиялык таза энергиянын ири запасы жайгашканын кошумчалап, ири жана чакан ГЭСтерди курууда биргеликте аракеттенүүнү сунуштады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, ата мекендик туристтик сектордун артыкчылыктары тууралуу кенен айтып, швейцариялык тажрыйбаны колдонуу багытында натыйжалуу кызматташуусу мүмкүндүгүн белгиледи.

Жээнбеков жолугушуу өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө жана өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестициялардын көлөмүн арттырууга кошумча түрткү берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле, Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Copyright © 2017 Maral FM