Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун Швейцарияга болгон расмий сапарында бир катар документтерге кол коюлду

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 445 | 0

Бүгүн, 10-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен Швейцария президенти Ули Маурердин жолугушуусунан кийин бир катар документтерге кол коюлду:

— «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз өкмөтү менен Швейцария өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү» долбоору боюнча Кыргыз өкмөтү менен Швейцария өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кыргызстандын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргызстан менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз өкмөтү менен Швейцария өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу» боюнча Кыргыз өкмөтү менен Швейцария өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

Copyright © 2017 Maral FM