Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Азыр да саясий куугунтук уланууда

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 1941 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинде да саясий куугунтук уланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө саясий система туура эмес. Бийлик азыр президент Сооронбай Жээнбеков менен анын тегерегиндеги адамдарда. Алар укук коргоо органдарынын, партиялардын баарын көзөмөлдөйт.

Парламенттин көпчүлүгү өкмөт менен президенттин айтканын кылса, ал саясий коррупция деп аталат. Мындан улам, саясий коррупциянын башында президент менен анын тегерегиндеги адамдар турат.

«Мен үчүн адам маанилүү эмес. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы система менен азыркы системанын айырмасы жок. Маселе муундун алмашуусунда эмес, саясий системада. Жаш муун мурдагыга караганда — 10 эсе «карышкыр». Азыр саясий система алмашпаса, өзгөрүү болбойт», — дейт Жээнбеков.

Ал саясий реформалар, реалдуу өзгөрүүлөр болбосо, өлкөдө бир да маселе чечилбей турганын белгилейт.

Жээнбеков мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарын өз кызыкчылыгына каалагандай колдонуп жатканын да айтып өттү.

«Бийлик Атамбаевге каршы иштерде чагылгандай тездик менен иштеп жатат. Тергөө күнү-түнү иштеп, дароо чечим кабыл алынууда. Башка иш жок, экономика жылган жок. Же жумуш орундары түзүлдүбү, же айлык акы көтөрүлдүбү? Атамбаевдин тегерегиндегилердин баарынын камалышы саясий куугунутук болот», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM