Биз менен байланышыңыз

Өкмөт мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтөт

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 424 | 0

Өкмөт мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүүнү ниет кылат. Бул тууралуу Ишкер аялдардын улуттук конеференциясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө учурда жаш  балдардын 41 %ы гана бала бакчага бара тургандыгын белгилеп, «Аялдар эмгектенип, өзүн-өзү өнүктүрүшү үчүн биз бала бакчалардын санын көбөйтөбүз», — деди.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 2018-жылы негизинен аялдар эмгектенген орто жана чакан бизнестердин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 42 пайызды түзгөн.

2001-жылы 1000 аял ишкердик менен алектенсе, бүгүнкү күндө 2300дөн ашкан.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM