Биз менен байланышыңыз

Аскар Маминдин расмий сапары: кабыл алынган документтер

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 614 | 0

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Кол коюлган документтердин тизмеси төмөнкүдөй:

-«Элет Агрохолдинг» ЖЧКсы жана «Continental Agro Trade» ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

-«Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

-«Дордой Базары» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

-АК «ЭСК «KazakhExport», ЖЧШ «AAEngineering Group» жана ЖЧШ «Глобал Джамгыр Майнинг» ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);

-«ДАМУ» «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» АК менен «Кепилдик фонду» ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;

-Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстан Республикасынын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

-VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;

-2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

Copyright © 2017 Maral FM