Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин акциялары — чагымчыл чакырык»

Саясат | 4 Июл 2019 | 556 | 0

3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митинги болуп өттү. Анда азыркы бийликтин аракетерине нааразылыктар айтылып, Өкмөттүн отставкага кетиши, парламенттин тарашы талап кылынды. Ошондой эле, » Президент УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилигин токтоосуз алмаштырсын» деген талаптар коюлуп, эки ай убакыт берилди. Саясий серепчилер бул чакырыктар чагымчылдык маанайда болгонун билдиришип, «Айтылган сөздөргө экспертиза жүргүзүлүп, баа берилүүсү керек», — дешет. 

— Парламент тарасын! Өкмөт отставкага кетип, жаңы жаш өкмөт шайлансын! Эч кандай күнөөсү жок балдарды камап жаткан АКСтин башчысы, УКМК, Прокуратура да жоопкерчиликке тартылсын! Кошумча айтар элем, Сооронбай, от менен ойноп жатасың, мунун арты жаман бүткөнү турат. Кыргыз эли бөлүнгөнү калды. Ойлонгун, токтогун, тегерегиңди тазалагын! Мен бул дүйнөдө эч нерседен коркпойм!

Бул — 3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында өткөн тынчтык митингинде мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү. Ал мындан сырткары, бийлик алмашса деле, бийликке барбай турганын айтып, азыркы бийлик деле көпкө отурбай, күздөн ашпай өзү эле урап түшүп кала турганын кошумчалады.

Коомчулукта бул сөздөрдү чагымчыл чакырык катары баалагандар да бар. Коомдук ишмер Орозбек Молдалиевдин пикиринде, негизи жок талаптар коюлду. Мындай аракеттер менен Атамбаев өзүнө козголору мүмкүн болгон кылмыш иштеринин алдын алууда.

— «Чагымчыл, экстремисттик маанайдагы сөздөр айтылды, эмне үчүн муну укук коргоо органдары текшербей жатат?» — деп бир топ серепчилер билдирбедиби. Жыйында айтылган талаптарга негиз жок. Өзү Кыргызстанды 6 жыл башкарып, анан ушундай сөздөрдү айтканы туура эмес. Бул — жөн эле соттук процессти алаксытуу. Экинчиден, өзүнө карата козголо турган кылмыш ишинин алдын алып, «Эгерде камай турган болсоңор, башаламандык уюштурам», — деген эле сөзү.

Бул митинг башынан эле чагымчылдык маанайда болгон деген пикирге саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев да кошулат. Анын белгилешинче, бул аракеттерде жалаң гана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгы турат, эч кандай позиция же жүйөлүү сунуш жок.

— Эгерде бул окуянын эмнеден башталганын, башында ким турарын, себептерин анализ жасасак, бул — баштан-аяк чагымчылдык. Себеби, бул жерде жалгыз гана экс-президент макамынан ажыраган мурунку президенттин кызыкчылыгы турат. Өзүн өзү үй камагына камап алып, эми эмне кыларын билбей, ушундай митингди ойлоп тапты. Өкмөттүн ишинде да кемчиликтер бар, аны эч ким жашырган жок. «Ал кетсин, бул кетсин» дей берген позиция эмес, жүйөлүү сунуш эмес.

Бүгүнкү оппозиция Атамбаев болуп жаткандыгын жана анын күчтүү болушуна шарт түзүү зарылдыгын саясатчы Равшан Жээнбеков билдирген. Ал ошондой эле, жаңы пайда болуп келе жаткан оппозицияны бийлик күч менен сындыра турган болсо, аны коргогонго аракет кылыш керектигин айткан. Жээнбековдун пикиринде, митингде эч кандай чагымчыл маанайдагы сөздөр айтылган жок, тескерисинче, туура эмес саясат жүргүзүп жаткан бийликке туура сындар айтылууда.

— Эч кандай провакация жок. «Парламент тарасын, өкмөт кетсин» деген провакация эмес. Бул нормалдуу эле саясий талаптар болуп эсептелет. Мамлекетте кандайдыр бир саясий күчтөр же бир кризис жаралганда сөссүз түрдө ушундай талаптар бийликке коюла баштайт. Ошондуктан, туура эмес түшүнүп «провакация» дегендер менимче, жаңылып жатат.

Президент ар бир митингдин айткандарына жооп калып, отчет берүүсү зарыл эмес. Мындай ою менен бөлүшкөн саясат талдоочу Марат Казакпаев Атамбаевдин айткан сөздөрүн куру опуза катары баалады.

— «Өкмөт кетсин, парламент таркасын, президент отставкага» деп айтышпадыбы. Менин оюмча, мындай талаптарга негиз жок. Бул — жөн эле куру опуза. Кандай болбосун, президент — өлкө башчысы. Ал Атамбаев митинг өткөргөн сайын отчет берип турушу керекпи? «Талап аткарылсын, төңкөрүшкө чыгабыз» дегени жарабаган сөздөр да.

Тынчтык митингине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Анвар Артыков, Карамат Орозова, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, саясатчы Равшан Жээнбеков жана ошондой эле, Атамбаевдин 1000ге жакын тарапташы катышты.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM