Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Чек ара маселеси сөзсүз чечилет, ал үчүн убакыт жана сабыр керек

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 474 | 0

Чек аранын бекем болушу — ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыӊыздар, майтарылбас эркиӊиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй — бул, чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, 85 пайызга такталганын эске салды.

Ошондой эле, Тажикстан менен да бир топ активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

«Менин Дүйшөмбүгө жасаган расмий сапарымда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат«, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Чек ара маселеси эртеби, кечпи сөзсүз чечилерин, ал  үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты. Анткени, 30 жылдан бери келе жаткан маселе убакытты талап кыла турганын кошумчалады.

Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу өзгөчө маанилүү экендигин баса белгилеп, түбөлүктүү коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катышта болгонго эч нерсе жетпей турганын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM