Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Парламент тарап, өкмөт кетсин

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 691 | 0

Кеп Атамбаевдин тагдырында эмес. Кол тийбестигимди алабы-коёбу, мен эч нерседен корпойм, анткени, үстүмдө колдогон Кудай, аркамда эл бар. Азыркы бийликке, Сооронбай Жээнбековго айтат элем, «от менен ойногон жаман бүтөт». Мындай пикирин бүгүн, 3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митингинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Ал ошондой эле, азыркы парламентти таркатуу керектигин, андан сырткары, азыркы өкмөттүн деле кетиши керектигин айтты.

«Мен Муканды деле жакшы көрөм. Бирок, Сооронбай экөөнүн колунан эч нерсе келбейт. Бийликке Сапар Исаковдой жаштар келсе жакшы өнүгөт», — деди Атамбаев.

Мындан сырткары, Атамбаев бийлик алмашса деле бийликке барбай турганын айтып, азыркы бийлик деле көпкө отурбай, күздөн ашпай өзү эле урап түшүп кала турганын билдирди.

«Мен жанымдагыларга абдан  ишенип алат экем. Андан көрө Мен Кой-Ташка жатып алып, ошол эле Мирбекке, Мээрбекке окшогон жаштарды өстүрүп чыгышым керек. Менин парзым ошол», — деди Атамбаев.

Мындан сырткары, телефонду колдонгонду билбегендер «санариптештирүү» жөнүндө сөз кылышат деп сындады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM