Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин аракети: айтылган сындар, берилген баалар

Саясат | 3 Июл 2019 | 663 | 0

Өлкөдө бир айга жакын убакыттан бери саясий окуялар резонанс жаратууда. Айтсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке койгон дооматы жана бийликтин Атамбаевге берген жооптору менен уланып келе жатат. Атамбаевдин айткан сөздөрүн, жасап жаткан кадамдарын коомчулук түрдүү багытта талкууга алып, бул тема социалдык тармактын «эрмегине» айланды. Бул боюнча саясатчы жана серепчилердин ойлору кандай?

Кыргызстандын ичинде орун алып жаткан саясий көрүнүштөр биз тургай, коңшу мамлекеттердин да көңүлүн бурууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен жолуккандагы сөздөрүн, жасап жаткан кадамдарын ар бир экинчи адам талкууга алып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев Атамбаевдин учурда жасап жаткан иштерине караманча каршы. «Мыйзам өкүм сүргөн мамлекетте элдин артына жашынып, саясат жүргүзгөн болбойт», — деп, буларга токтолду:

— Өзүңөр көрүп жаткандай, Кыргызстанда башаламан окуялар катталып жатат. Атамбаев президент болуп турган мезгилде, «Мыйзамды бийик койгула, эч кандай тапанча алып коркутпагыла», — деп көп айтчу. Азыр эмне болуп жатат? Кой-Таштагы заңгыраган үйүнө тарапташтарын чогултуп алып, алардын артына жашынып отурат. Эгер өзү айткандай ак болсо, сотко барып жооп берип, ак экенин далилдеп, өлкөдөгү саясий кырдаалды тынчытсын.

Бүгүнкү күндө Атамбаевдин жасап жаткан иштери толугу менен туура эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Марат Казакпаев билдирип, «Саясатта ар дайым көпчүлүктүн курчоосунда жүргөн адам жалгыз калганда, эмне кыларын билбей калат. Ошол маалда ойго келбеген кадамдарды таштап коюшу мүмкүн», — дейт.

— Атамбаевдин учурда жасап жаткан кадамдары туура эмес. Президенттикти өткөрүп бергенден кийин тынч эле жүрө берсе, мындай кырдаалдар орун албайт болчу. Түндүк-түштүк маселеси козголбойт эле. Мына минтип кол тийбестик макамынан да ажырап отурат. Кайра-кайра митинг кылып, элдин тынчын албай эле коюшса болмок.

Ал эми Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков: «Атамбаев туура эле кадам таштап жатат», — деп эсептейт. Ал эми түндүк-түштүккө бөлүнүү маселесин бир калыпта кармап туруу бийликтин милдети экенин айтты.

— Баарыбыз билгендей, бийлик тез арада чечим чыгарып, комиссия түзүп Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып койду. Иштерди козгоп жатат. Бул учурда Атамбаев эмне кылышы керек эле? Өзүн коргош үчүн туура эле кадамдарды жасап жатат. Ал эми түндүк-түштүк маселеси буга чейин деле козголуп келген да. Көйгөйдү учурдагы бийлик адамдары чечип, көзөмөлгө алышы керек.

Өлкөдө саясий абал туруктуу болгондо гана мамлекеттин экономикасы өсөт. Мындай ойду ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов айтат. Анын айтымында, жеке адамдык кызыкчылыкты токтотуп, мамлекеттин өнүгүүсүн биринчи орунга коюу шарт.

— Мамлекетибиздин өнүгүүсүн кааласак, эң алгач саясий туруктуулукту орнотушубуз керек. Ошондо инсвесторлор тартылып, прогресс байкалат. Бардык эле чет өлкөнүн инвесторлору иш баштаарда, ириде саясий туруктуулук, багыттарга көңүл бурушат. Бизде мындай жагдай кайра-кайра улана берсе, бизнесмендерге эле кыйын болот.

Кошумчалай  кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Мындай чечим Борбордук Азияда алгачкы жолу болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM